Португалия курама командасынын жана «Ал-Наср» клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду сүйлөшкөн кызы Жоржина Родригеске үйлөндү.
41 жаштагы футболчу социалдык тармактарына шакектерди тагынган колун жана Родригестин колун чагылдырган сүрөтүн жарыялады.
Роналду менен Родригес 2016-жылдан бери мамиледе. Жубайлардын Алана Мартина жана Белла Эсмеральда аттуу эки жалпы кызы бар. Ошондой эле алар Роналдунун үч баласын – Криштиану-улуусун, Ева менен Матеону тарбиялашат.
Буга чейин ЖМКларда Роналду менен Родригестин үйлөнүү тою 7-8-августта өтүшү керек деген маалыматтар чыккан.

