ЖКнын тармактык комитети президенттик шайлоонун датасын өзгөртүүнү жактырды


Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар боюнча комитети 8-сентябрда президенттик шайлоонун датасын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Документте шайлоону октябрдын үчүнчү жекшембисинин ордуна январдын төртүнчү шаршембисинде өткөрүү сунушталууда.

Ошол эле учурда Жогорку Кеңеш шайлоону добуш берүү күнүнө төрт айдан кечиктирбестен дайындоо талабы сакталат. Мыйзам долбоору парламенттин кароосуна дароо үч окууда жөнөтүлдү.