Окуучулардын медициналык маалымкаттары санариптик форматка өткөрүлдү


Окуучулардын 095/у формасындагы медициналык маалымкаты жана 026/у формасындагы профилактикалык медициналык кароо картасы электрондук форматка өткөрүлдү. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин айтымында, медкызматкерлер документтерди «Sanarip Clinic» системасы аркылуу түзөт.

Маалыматтар билим берүү уюмдарына электрондук түрдө жөнөтүлүп, ата-энелерге «Түндүк» тиркемесинен жеткиликтүү болот. Реформа кагаз документтерди азайтып, мектептер менен медициналык мекемелердин ортосундагы маалымат алмашууну жеңилдетет.