Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан билдиришкендей, башында төрт түйүлдүк болуп, бирок кош бойлуулуктун 19-жумасында төртүнчүсү өрчүбөй калган. Андан кийин эне эки ай дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон.
Кесарево жолу менен эки уул жана бир кыз төрөлдү.
Ымыркайлардын салмагы 2350, 2600 жана 2340 граммды түздү. Учурда эне менен балдардын абалы туруктуу.

