9-сентябрга карата аба ырайы


Шаршемби күнү республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Баткен өрөөндөрүндө +30…+35, Жалал-Абад, Ош облустарында +31…+36, Талас чөлкөмүндө +28…+33, Ысык-Көл регионунда +20…+25, Нарын аймагында +22…+27 градус ысык болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +32…+34, Ошто +33…+35, ал эми Чолпон-Атада +21…+23 градуска көтөрүлөт.