Кыргызстандын окуучулары PISA рейтингинде 11 тепкичке алдыга жылып, 91 өлкөнүн ичинен 80-орунду ээледи. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, бүгүн, 8-сентябрда, Братислава шаарында өткөн аймактык конференцияда PISA — 2025 эл аралык изилдөөсүнүн жыйынтыгы жарыяланды.
Иш-чарага Кыргызстандын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү катышты.
Дүйнөлүк баалоого 91 өлкөдөн 762 миңге жакын окуучу камтылган.
«Кыргызстан бул изилдөөгө 16 жылдык тыныгуудан кийин кайтып, тапшырмаларды биринчи жолу компьютердик форматта тапшырды. Негизги багыт катары табигый-илимий сабаттуулук тандалып, мындан тышкары, моделдөө жана алгоритмдештирүүнүн негизинде көйгөйлөрдү чечүү жөндөмү да бааланды», — деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыкка ылайык, кыргызстандык окуучулардын орточо көрсөткүчү төмөнкүдөй болду:
математикалык сабаттуулук — 364 балл;
табигый-илимий сабаттуулук — 363 балл;
окуу сабаттуулугу — 344 балл.
2006 жана 2009-жылдардагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу өсүш байкалып, Кыргызстан 91 катышуучу мамлекеттин арасынан 80-орунду ээледи жана мурунку циклдерге салыштырмалуу 11 тепкичке жогорулады.
Адистердин айтымында, 2-деңгээл билимди жөнөкөй кырдаалда колдоно билүүнү, ал эми жогорку деңгээлдер татаал тапшырмаларды өз алдынча талдап чечүүнү билдирет.
PISA — Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) 15 жаштагы өспүрүмдөрдүн алган билимин жана көндүмдөрүн турмуштук кырдаалдарда колдоно билүүсүн үч жылда бир жолу баалоочу эл аралык программасы. Анын башкы максаты жөн гана рейтинг түзүү эмес, улуттук билим берүү системасынын күчтүү жана көйгөйлүү жактарын аныктап, сапатын жогорулатуу болуп эсептелет.

