Эртеңден тарта Кыргыз Республикасынын жарандары Таиландга визасыз кирүү укугуна ээ болушат. Жаңы эрежелерге ылайык, туристтер өлкө аймагында 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.
Аталган жеңилдик туристтик максатта сапар тарткандарга гана тиешелүү жана бул режимди жылына эки жолудан ашык эмес пайдаланууга уруксат берилет.
Сапарга чыгар алдында төмөндөгү талаптарды аткаруу зарыл:
-
TDAC (онлайн декларация) формасын толтуруу;
-
Колдонуу мөөнөтү кем дегенде 6 ай калган жана кеминде 2 бош бети бар паспорттун болушу;
-
Кайра кайтуучу же андан ары учуучу билеттин, ошондой эле мейманкана же жашай турган жерин ырастаган документтин болушу.
Чечим кабыл алынганы менен, өлкөгө кирүүгө толук кепилдик берилбейт — акыркы чечимди Таиланддын иммиграциялык органдары жеринен кабыл алат. Өлкөдө 30 күндөн ашык калуу же башка максаттар үчүн визаны мурдатан тариздөө талап кылынат.

