Кыргызстан менен АӨБ айыл чарба жана суу ресурстары боюнча кызматташтыкты талкуулады


14-сентябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) консультациялык миссиясынын алкагында жумушчу жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда айыл чарба, азык-түлүк, суу ресурстары жана айыл аймактарын өнүктүрүү багыттарындагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Министрликтин өкүлдөрү суу ресурстарын жана айыл чарбасын өнүктүрүү, айылдарды таза суу менен камсыздоо, ошондой эле жаңы каржылоо булактарын жана жеке инвестицияларды тартуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар Кыргызстан үчүн маанилүү жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты улантууга макулдашты.