Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов 18 жашка чейинкилерге энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салууну сунуштады. Чектөө дүкөндөргө, кафелерге, интернет аркылуу соода кылгандарга жана жеткирүү кызматтарына тиешелүү болот. Сатуучулар менен курьерлер сатып алуучунун жашын текшерүүгө милдеттендирилет. Ал эми соода автоматтары аркылуу сатууга толук тыюу салуу сунушталууда.
Жашы жете электерге энергетик саткан жеке жактарга 10 миң, юридикалык жактарга 35 миң сом айып пул каралган. Бир жыл ичинде мыйзам бузуу кайталанса, айып пул 20 миң жана 55 миң сомго чейин көбөйөт. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

