Күн мурун Мексиканын түштүк-чыгышындагы Оахака штатында болгон жол кырсыгынан кеминде 11 адам каза болду. Бул тууралуу “Синьхуа” маалымат агенттиги жергиликтүү басылмаларга таянуу менен жазды.
Маалыматка ылайык, Митла-Техуантепек шоссесинде жана Санто-Доминго Нарро провинциясына жакын жерде жүргүнчү ташыган автобус жүк ташуучу унаа менен кагылышып, оодарылып кеткен.
“11 адам каза болду. Ал эми жабыркагандар дароо жакынкы ооруканаларга жеткирилген, алардын экөөнүн абалы оор”,-деп айтылат жергиликтүү басылмалардын билдирүүсүндө.
Учурда кырсыктын чоо-жайын тактоо үчүн иликтөө иштери башталды.