Пакистанда поезддеги барымтага алынган 155 адам куткарылды


 Бул тууралуу Известия Geo TV телеканалы кабарлаганын жазды.

Маалыматка караганда, барымтадагыларды коопсуздук күчтөрү куткарып чыкты. Куткарылган кишилердин 17си ооруканага жеткирилген.

Поезддеги куралчан террористтердин 27си жок кылынган. Азыр да жүргүнчүлөрдү куткаруу иштери уланып жатканы айтылды.

Белгилей кетсек, 11-мартта куралданган адамдар Пакистандын Белуджистан провинциясында поезддеги 450 жүргүнчүнү барымтага алган.