Польшанын чек арачылары адам органдарын сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөсү 35 жаштагы Украинанын жаранын кармашты. Казакстанда бул аял сыртынан 12 жылга эркинен ажыратылган болчу. Айыптоочу тараптын айтымында, ал кара базарда адамдын 56 бөйрөгүн сатууну уюштурган.
Польшанын Пржемысль прокуратурасынын басма сөз кызматы билдиргендей, аял 6-мартта Интерполдун өтүнүчү менен Польша менен Украинанын ортосундагы темир жол кесилишинен кармалган. Кармалган жаран 2020-жылдын ноябрь айынан бери издөөдө жүргөн.
Казакстандын атайын кызматтарынын маалыматы боюнча, аял 2017-жылдан 2019-жылга чейин кылмыш иштерине аралашкан. Анын колунан жабыркагандар Казакстандын, Армениянын, Азербайжандын, Украинанын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Таиланддын жарандары болгон.
Сурактан кийин прокуратура кармалган жаранды андан ары Казакстанга экстрадициялоо үчүн 7 суткага камакка алуу өтүнүчү менен райондук сотко кайрылган.