Коом

“Тез жардам” унаасы жол кырсыгына кабылып, капталынан оодарылып калды. Видео

Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарындагы «Нурафшан»  жана «Чагатай» көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды.

Өзбекстандын жол коопсуздугу кызматы билдиргендей, “Тез жардам” унаасынын айдоочусу менен “Форд” маркасындагы унаасынын айдоочусу кагышкан.

Мунун кесепетинен “Тез жардам” унаасы капталынан кулап калган. Айдоочу жана ичиндеги адамдар ооруканага жеткирлиген. Кырсыкка кабылгандар жараат алышкан. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Булак: centralasia.media/news



Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button