Коом

Кыргызстанда калктын саны 6,5 млнго жетти

Улуттук статистика комитетинин 2020-жылдын 1-мартындагы маалыматына караганда, өлкөдө элдин жалпы саны 6 млн. 542 миң адамга жетти. Быйыл жыл башынан бери 18,5 миңден ашуун бала жарык дүйнөгө келген.

Жалпы 6,5 млн. элдин 1,367 миллиондон ашыгы Ош облусуна, 1,241 миллиондон ашыгы Жалал-Абад облусуна, 1,057 млн. ашыгы Бишкек шаарына туура келет. Ал эми Чүй облусунда 963 миң, Баткен облусунда 538 миң, Ысык-Көл облусунда 497 миң, Ош шаарында 326 миң, Нарын облусунда 289 миң жана Талас облусунда 267 миңден ашык адам жашайт.

Кыргызстанда алты миллионунчу адам 2015-жылы 25-ноябрда Ош шаарында төрөлгөн. Анын ата-энесине бийлик үй берген. Аны менен удаа туулган дагы 10 баланын ар бирине президенттин фондунан 100 миң сомдон сүйүнчү берилген

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button