Коом

Өзбекстанда 10 миң орундуу инфекциялык оорукана курулууда

Өзбекстанда 10 миң орундуу инфекциялык оорукана курулууда. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары маалымат агенттиги жазып чыкты.

Дүйнөдө болуп жаткан пандемияга каршы ар бир мамлекет өз алдынча жарандарга кам көрүүдө.

Учурда Ташкент Зангиата районунда коронавирус пандемиясы маалында бейтаптарды кабыл алуу үчүн 10 миң орундуу инфекциялык оорукана курулуп жатат. Долбоорду ишке ашырып жаткан Enter Engineering компаниясынын маалыматына караганда, жаңы медициналык мекеменин негизги бөлүгү майдын башында пайдаланууга берилет.

«Мекеме түрдүү ооруларды жуктуруп алгандарды жаткыруу, ошондой эле чет өлкөдөн келип, карантинге алынышы керек болгон Өзбекстандын жарандарын жайгаштыруу үчүн пайдаланылат»,  – деди компаниянын башчысы Шохрух Саттаров. Маалым болгондой марттын аягында Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги вирус жуктуруп алган жарандарды дарылоо үчүн өлкөдө бир нече оорукана куруларын билдирген.

Учурда расмий маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1736га жетип, алардын ичинен жетөө каза болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button