Коом

Пандемия: 28-апрелдин кечине карата статистика

Дүйнө жүзү боюнча ооругандардын саны 3 миллиондон ашты. Мындай көрсөткүчтөрдүн сап башында АКШ турат жана анын үлүшүнө COVID-19 коронавирусу боюнча такталган учурлардын дээрлик үчтөн бири туура келет.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнө жүзүндө 3,06 млн адам  коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Алардын ичинен 211 миң бейтап каза болуп, 921 миң адам бул илдеттен сакайып кеткен. Сутка ичинде бул ооруну 64 миң адам жуктурган болсо, 4,5 миң адам каза болгон.

Жогоруда белгилеп кеткендей эле бул илдеттен эң эле катуу жапа чегип жаткан өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул жерде COVID-19  менен байланышкан учурлар 1 миллиондон ашып, өлүм саны 56,7 миңге жетсе, 110 миң адам сакайып кеткен.

Экинчи орунда Испания турат жана анда бул оорудан жабыркагандардын саны – 229 миң, каза болгондордун саны – 23,5 миң. Ошол эле учурда 120 миң адам сакайган.

Үчүнчү орун Италияга таандык. Мында ооругандардын саны 200 миң жетсе, каза болгондордун саны 27 миңди түзөт. Ал эми 66,6 миң адам бул илдеттен сакайып кеткен.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button