Коом

Коронавирус чач аркылуу да жугат

Медицина илимдеринин доктору, профессор Анатолий Альштейн коронавирусту чач аркылуу жуктуруп алуу мүмкүн экенин билдирди.

Бул тууралуу орус басылмалары маалымдашты. Профессор көп адамдар чач аркылуу да вирус жуктуруп алуу мүмкүн экенин унутта калтырып жатышкандыгын айткан. Чачта вирус 3 суткага чейин сакталат. Мындан улам окумуштуу чачты байлап, баш кийим кийип жүрүүгө чакырган.

Маалым болгондой, буга чейин Кытайдын окумуштуулары коронавирус инфекциясы жыныстык жол менен да жугаарын айтып чыгышкан.

Шанцю ооруканасында жүргүзүлгөн изилдөөдө 38 эркек кишинин алтоосунун спермасынан вирус аныкталган. Вирус аныкталган адамдар оорудан сакайып чыккан бейтаптар болушкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button