Коом

Бишкекте 3 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

Бишкек шаарында сутка ичинде 3 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 235 учур катталды, алардын ичинен 180 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1016га жетти. Алардын ичинен 235и медицина кызматкери. Илдеттен 688 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button