Коом

ТИМ: Май айында 1 миң кыргызстандыкты мекенге алып келүүнү пландап жатабыз

Кыргыз жарандарын алып келүү маселеси республикалык штаб менен макулдашылган график боюнча иштелип жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков билдирди.

Анын айтымында, жакынкы жумаларда 1 миңге жакын кыргызстандыкты алып келүү пландалууда.

«Катардан – 36, Кувейттен – 105, Ирандан – 16, Франкфурттан – 58, Стамбулдан – 149, Москвадан – 402, Түштүк Кореядан – 35, Япониядан – 30, Беларустан 37 кыргызстандык алынып келет. 12-майга карата чет жактагы элчиликтерге жана Тышкы иштер министрлигине дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн 8 миң 712 жараныбыз кайрылган», — деди ал.

Айдарбеков билдиргендей, Тышкы иштер министрлиги көп кыйынчылыктарга туш болуп жатканына карабай күнү-түнү иштеп жатат.

«Ушундай оор шартта жалган маалыматтарды жана жеке пиар акцияларды уюштуруу жүрүп жатат. Кандай болгон күндө да биздин негизги максатыбыз жарандарыбызды өлкөгө алып келүү», — деди Айдарбеков.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button