КоомКылмыш-кырсык
Кооптуу тилкелерден 92 үй-бүлө убактылуу көчүрүлдү
Республикабыздын аймагындагы кооптуу тилкелерде жашап жаткан үй-бүлөлөрдү убактылуу коопсуз тилкеге көчүрүү максатында ӨКМ тарабынан кооптуу тилкелерден 92 үй-бүлө убактылуу көчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда ӨКМдин Калкты жана аймакты коргоо башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу майор Абдыманап Гулжигитов билдирди.
Анын айтымында, Ош облусунун аймагында 106, Баткен облусуна 10 жана Жалал-Абад облусуна 22 чатыр, жалпы 138 даана чатырлар бөлүнүп, коопсуз аймактарга орнотулуп берилгендигин маалымдады.
Анын маалыматына караганда бүгүнкү күндө кооптуу тилкелерден жалпы 92 үй-бүлө көчүрүлүп, алардын ичинен 23 үй-бүлө убактылуу тигилген чатырларда, ал эми 69 үй-бүлө туугандарынын үйүнө көчүрүлгөн.