Испаниялык туристтер бара жаткан тик учак Нью-Йорктун жанындагы Гудзон дарыясына кулап түштү. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Кырсыктан алты адам каза болду. Арасында Siemens компаниясынын Испаниядагы директору Агустин Эскобар, анын жубайы менен үч баласы болгон.
Тик учак кечээ түшкө жуук Манхэттен шаарынан көтөрүлүп, дарыяга 20 мүнөттөн кийин кулап түшкөн.
Трамп кырсык боюнча АКШнын транспорт министри иликтөө жүргүзүп жатканын айтты.