КоомСаясат

Президент көп балалуу энелерди сыйлоо боюнча жарлыкка кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков «Республиканын көп балалуу энелерин „Баатыр эне“ ордени менен сыйлоо жөнүндө» жана «Республиканын көп балалуу энелерин „Эне даңкы“ медалы менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыктарга кол койду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1014 эне «Баатыр эне» ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 519 эне — «Эне даңкы» медалы менен сыйланат.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button