Коом

Шашылыш билдирүү! 16-майдан 20-майга мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт

16-майдан 20-майга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ маалымат таратты.

16-майынан 20-майына чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

16-майда күндүз жана 17-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын, 18-майда күндүз Баткен облусунун, 19-майда жана 20-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда  жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button