Коом

Ооруну алдын алууда Нарында 5 мобилдик топ иш алып барууда

Нарын шаарында ооруну алдын алууда алгылыктуу аракеттер көрүлүп жатат. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров билдирди.

Анын айтымында, коронавирус илдетине каршы иштеп жаткан дарыгерлер тийишттүү шарттар түзүлүп, тамак-аш камсыздалган.

«Ооруну мындан ары жайылтпоо максатында Нарын шаарынын мэриясы тарабынан 5 мобилдик топ уюштурулуп, алар эл арасында илдет тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, күнү-түнү ыкчам иш аткарып жатышат. Мобилдик топтун ишин жакшыртуу үчүн кызматкерлерге ысык тамак-аш жана жата турган жерлери камсыз кылынган», — деп билдирди Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button