Коом

Ноокатта бүгүн үч эм — 2 кыз, 1 уул төрөлдү

Бүгүн, 20-майда Ош облустук төрөт үйүндө Ноокат районунун 24 жаштагы тургуну Мунира Бакытбек кызы үч эм төрөдү. Бул тууралуу үч эмдин атасы Алмазбек Максат уулу билдирди. Анын айтымында, ага эртең менен 3 эм төрөлгөнүн сүйүнчүлөшкөн.

Ал бир күндө 2 кыз, 1 уулдуу болгонуна кубанып жатканын билдирди.

«Буга чейин УЗИден үч эм төрөлө турганын билгем, бирок бүгүн дарыгерлер сүйүнчүлөгөндө катуу сүйүндүм. Учурда жубайымдын ден соолугу жакшы. Балдар 2,2 кг, 2,1 кг салмакта төрөлүптүр. Жалпы 5 балалуу болдум. Үйдө 2 жана 4 жаштагы эки уулум бар. Бүгүнкү жагымдуу кабар менен эми 2 кыз, 3 уулдуу болдум. Негизи каныбызда эгиз төрөлгөндөр болгон. Чоң атамдар эгиздер», — деди Алмазбек Максат уулу. Алмазбек Максат уулу 28 жашта.

Булак: Турмуш сайты

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button