Саясат

Депутат Исхак Масалиев мандатын тапшырды

Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда сүйлөп жатып билдирди:

“Эң жогорку мамлекеттик орган – парламентте иштеп жатканы үчүн өлкөдөгү бардык көйгөйлөргө өз жоопкерчилигин, күнөөмдү сезем. Демек, мен сиздерди өкмөттү кайсы бир чечимдерди кабыл алууга ынандыра албаптырмын”, -деди Масалиев.

Анын менен катар азыркы парламенттин сапатына өтө кейий тургандыгын айтты.

Исхак Масалиев 2015-жылы «Өнүгүү-Прогресс» партиясы аркылуу парламентке депутат болуп келген. Коомчулукта бир катар таалуу маселелерди көтөрүп келгени маалым. Соцтармактарда депутаттын бул кадамын күтүүсүз кабыл алышканын билдирип жатышат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button