КоомКылмыш-кырсык

Ошто Ак калпак кийген прокурор жазаланды

Ош шаарынын  прокурору Кубат Абдраимов Өчпөс отко кызматтык форма менен калпак кийгендиги үчүн жазаланды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирген.

Маалыматка ылайык, Кубат Абдраимов сөгүш алып, айлыгына кошулган сый акчадан айрылды.

Эскерте кетсек, прокурордун форма кийип, башына ак калпак кийген сүрөтү социалдык тармакка тарап кызуу талкууга  алынган. Эл экиге бөлүнүп, кээ бири туура кыргыздын улуттук баш кийимин кийсе жакшы десе, кээ бири туура эмес, кызматтык этиканы сакташ керек эле деп билдиришкен.

Булак: Факт.кг

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button