Коом

Эки миң жыл илгери жасалган оюнчук чычкан табылды

Байыркы Римге таандык Виндоланда лагерин казуу иштеринин жүрүшүндө Vindolanda Trust изилдөө иштерин жүргүзүүчү долбоордун археологдору б.з.ч. 105-130-жылдары даярдалган оюнчук чычкан таап алышкан.

Аталган оюнчукту узундугу 12 сантиметрди түзүп, булгаарыдан кесилип жасалган. Кызыгы оюнчук 1993-жылы эле табылган башка оюнчуктар салынган капта бүгүнкү күнгө чейин жата берген. Пандемияга байланыштуу казуу иштерин убактылуу токтотууга мажбур болушкан изилдөөчүлөр мурдагы буюмдарды сорттоп жатышып таң калычтуу оюнчукту таап алышкан деп жазат Heritage Daily басылмасы.

Белгилей кетсек, Виндоланда Адриана дубалына жакын жайгашкан. Азыр бул аймак Англиядагы Нортумберленд аймагы болуп саналат. Римдиктер бул лагерди болжол менен б.з.ч. 85-жылдары пиктердин кол салуусунан коргонуу үчүн курушкан жана мында IV кылымдын аягына чейин жашашкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button