КоомЭкономика

Кыргызстандан 21,7 млн сомго бал экспорттолгон

Өлкөдө ушул жылдын үч айында чет мамлекетке 99,5 тонна бал сатылды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бал азыгы жалпысынан 303 миң долларга, тагыраагы, 21,7 миллион сомго сатылган.

Төмөндө бал экспорттолгон өлкөлөр боюнча бөлүштүрүлгөн:

Андорра —18,9 тонна;
Бахрейн — 0,1;
Иордания — 0,1;
Казакстан — 0,2;
Катар — 7 тонна;
Кытай — 5;
Кувейт — 2,6 тонна;
БАЭ — 15,2;
Оман — 2,8;
Түштүк Корея — 10,1;
Россия — 0,2;
АКШ — 6 тонна;
Сауд Аравиясы — 18,8 тонна;
Сингапур — 0,1;
Тайвань — 9,9;
Япония — 2,4;
өлкөсү көрсөтүлбөгөн — 0,1 тонна.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button