Коом

Чек ара чыры боюнча өкмөт билдирүү таратты

Кечээ, 31-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме айылынын жана Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, эки өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан биргелешкен кайгуул күзөтүүнү жүргүзүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабаралашты.

«Окуя орун алган учурдан тарта Кыргыз өкмөтү коопсуздук чараларын күчөтүп, жеринде чыңалууну жана конфликттин курчушуна алып келбөө боюнча жалпы координация жүргүзүп, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарына тиешелүү тапшырмалар берилген.

Бүгүн, 1-июнда тараптар сүйлөшүүлөрдү улантат. Жергиликтүү элге коомдук тартипти сактоого жана чек ара кызматташтыгы менен коңшулук алаканы бекемдөөгө багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тургундар конфликт болгон аймактан чыгып кетишти. Кырдаал салыштырмалуу туруктуу», — деп жазылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button