Блогер блок

Ыйлап… көз жаш деле калбады! Сүйүү …

— Ыйлап… көз жаш деле калбады! — деди, үстөл үстүндөгү даамдуу тамактарга кошкөңүл көз чаптырган Махабат…
Үндөбөдүм… Саамдан кийин демин ичине каткан Махабат башын бийик көтөрдү да, катуу үшкүрүндү.
— Тагдыр! — деди…
— Ооба, Махабат… тагдыр! — дедим, анын сөзүн кайталай.
— Ал, сенин атыңды акыретке аттанаар акыркы айларда көп кайталады. Үйдө олтуруп тамактанган соң сыртка чыгабыз да, Каке экөөбүз узун кепке киребиз. Ошол узун кептин ортосунда негедир, Махабат, Махабат! — деп атыңды кайталап айтканды сүйөөр эле… — дедим Махабатка.
— Каза болоорунун алдында кокустан жолдон бет келип калды. Ошондо акыркы жолу көрүп аткандагым тура!?
— Билем… Ош базары тараптан сага жолугуп, анан жаныңда 20 мүнөттөй сүйлөшүп туруп, кош айтышып кете берген.
Кайдан билесиң дегендей жалт карады Махабат, көздөрүнүн ичине катылган жашты сыртка чыгарбай, ичине катып…

* * *
Үй ичинде балдарым менен бака-шака түшүп, кечки тамакка жаңыдан олтурганбыз.
Аңгычакты каалга ачылып:
— Кандайсыңар? Жакшысынарбы? — деп, үнүн шаңдуу чыгарып, Калмурат пайда боло калды.
— Кел, кир! Тамакка олтур! — дедим…
— Азыр! Эшикке жүрсөң, Даке! — деди, шашылып.
— Тамак ичпейсиңерби? — деди жубайым.
— Азыр, Фарида! Кайра киребиз, бат эле! — деди, менин ордума жооп кайтарган Калмурат кыйпычыктап.
Сыртка чыгаарыбыз менен жыгач орундукка олтура кеткен Каке:
— Мен, бүгүн Махабатты көрдүм. Жаңы эле көрдүм. Чын! Ош базардан келатсам, алдымдан бет маңдай чыга калбаспы!? Жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй болду. Ээ-х, Махабат, Маха-б-а-а-т! — деди, тынч алып олтура албай.
— Койчу!? Качан?
— Мына, бүгүн эле… Жана саат беш жарымдарда! — деди, дале кубанычка толкуган Каке кудуңдап.
— Каяктан жолуктурдуң? — дедим, анын кубанычына ортоктош боло мен да көптөн бери Какенин мынчалык сүйүнгөнүн көрбөгөнгө кубанып.
— Ош базарда жүргөм. Анан эле алдымдан чыга калды кокустан!
— Канча болду эле Махабатты көрбөгөнүңө?
Көздөрүн жуумп алып август кечиндеги мээлүүн соккон кечки салкын абадан ырахат алган Каке терең дем алып алды да, анан асманда жанган жылдыздарга үңүлүп:
— Ээ-х, Махабат! 8 жыл… 8 жылдан ашуун мезгил көрбөпмүн! — деди…
— Абдан жакшы болгон тура!? Эмне деди?
— Анан, Даке! Анан кенен айтам! А азыр жүр, үйгө кирели, тамак ичели! — деди да ордунан туруп, каалганы ачып босогону аттай кирди.

* * *
Чынын айтсам:
— Чыгармачылык менен жаша! — деп, Какеге дем берген, канында айланган тубаса шыктын ойгонушуна ашыглык себепкер…

* * *
Махабатты кайрадан саамга болсо да бир көрүүгө зар болгон Каке ал күнү өзүн дүйнөдө андан өткөн бактылуу жан жоктой сезди.
Канат байлаган Какени көрүп, мен да чын дилимден кубандым.
Тамак ичилди. Ортодо келди-кетти сөздөр сүйлөндү. Дасторкон жыйналып, качан саат жебеси түнкү 12ни көрсөткөндө, Каке бөлмөдө экөөбүз эле калганын аңдай:
— Мен көрсө, «однолюб» экем! — деди мелтиреп.
— Кандай?
— «Однолюб»! Өмүр өткүчө бирөөнү сүйүп, ошол деп куурап жашап…
Аны аядым. Анан чыйралсын деген ниетте тамашага чалып:
— Ок, кокуй, о-ой! Бир байкуш экенсиң! Катары менен сүйгөн жүрөгү калбырлардан болбойсуңбу!?
— Жок, Даке, мен анте албайм! Ырас, менде деле кийинчирээк ортодо оттой жанган сезим учкундарына кабылган сааттар болду. Бирок, ал учкун акырындап акылдан өчтү. Ал эми Махабат, бул таптакыр башка дүйнө!
— Демек, оо илгери чыгарган алгачкы ырың «Кыялды кантип тыямын», «Сенин кайдан чыгаарыңды билбеймин», «Махабатым», «Өмүрдөгү бийиктик», «Коштошуу» айтор, арасынан дээрлик көбү ошого арналган тура!?
Мага үңүлдү да, муңайыңкы түрдө «ооба» дегендей баш ийкеди.

* * *
Махабат… Махабат!
Сенин атыңды ал, көкүрөгүндө аяр тутту. Сенин атыңды ачыкка чыгарбай азапка батты да:
— Өмүрдө ыйык махабат! — деп, ашыглыкка жар салды.

* * *
Кайрыкты Калмурат айлап издечү. Жылдап издечү. А кээде кайрык өзү Калмурат кайда гана болбосун, мейли ал ойдо болобу, тоодо болобу, же күрүлдөгөн шаар турмушунда көртирликтин казанында кайнап, кара жумушка кирип кетип кара жанын карч ургандабы же күндүзү же түн бир оокумда болобу, мейли көчөдө кадам шилтеп бараткандабы, айтор:
— Мени комузга сал! Добушка сал! — деп кыйнап кирчү. Ошол жанына тынчтык бербеген сыйкырдуу кайрыкты таап алганына Каке каниет кылчу. А кээде кайрык болуп кирген касиет — Какенин жүрөгүн каккылап:
— Эми экөөбүз кездештик. Мен, сенин колуң аркылуу комуз кылдарында чертилем, сенин добушуң аркылуу Ала-Тоо койнунда жаңырам! — деп ишенимдүү айтып, анан:
— Бар болгону сен эмнени туйсаң, эмнени сезсең, ошону гана ырдачы!? Жүрөгүң эмнени эңсеп атат? Сүйүүнүбү? Кел, анда, сүйүүнү даңазалайлы! Эгер Ата Журт койнун аралагың келсе, атпай кыргыз журтунун Улуулугунан баштайлы! Миңдеген жылдардан бери келаткан нарк-насилди, Мекен алдындагы ыйык милдетти айталы! Сен бар болгону, обон деп, кайрык деп, же Улуу Эргүү деп мени эстеп кой, так ошол саатта сага жетип келем! Сенин мойнуңа Улуу милдет тагылган. Кыска сапарда кыйырга даңкан сал! Мына, мен эми өзүм келдим деп сага ээ-жаа бербей кээде түн уйкуңду бузам. Бар болгону сен жүрөгүңдүн каалгасын ачык кой. Кайсыл маалда келээрим, белгисиз!? Мени Улуу дүйнө, Сулуу дүйнө, Аруу дүйнө, Улуу Эргүү, тагыраагы Муза дейт. Мен үчүн убакыт деген ченем жок. Мен, түбөлүкмүн! — дечү.
Какеге ЫР пири дал ушундайча келчү…

* * *
Табиятты тааный бил! — деген эргүүнүн күчү. Мында эч кандай деле жашырын сыр жок. Бардыгы Сүйүүдө катылган. Сүйүү — сени көккө учурат, жерге түшүрөт. Жылдыздарды аралатып, аалам тууралуу ой чубатат.
Угуп кой, бардыгы — Сүйүүнүн өзөгүндө катылуу. Демек, Мекенди сүй, элди сүй, табиятты сүй, жөнөкөйлүктү сүй, аялзатты сүй!
Сүй!
Жана да — сүй!

* * *
Кай бирлери:
— Сүйүү деген — күйүү! — дешет.
Чындыгы бардыр… Сүйбөй жашап, күйбөй жашаган өмүрдүн маңызы барбы!? Тарыхка абай салып караңыздарчы, бардык Улуу иштер жалаң сүйүүдөн күйүп жүрүп өмүр сүргөн адамдар тарабынан жаралган.
Искусствонун кайсыл гана тармагын караба, мейли музыка, адабият, театр, кино, сүрөт, опера, балет… Бардыгы ашыгын эңсеген азаптан куралып олтуруп ажайып дүйнөгө айланып, анан элге-жерге таберик мурас болуп аманат калат. Мына ошонун дагы бир айкын далили катары — Калмурат сүргөн өмүр, Калмурат сүйгөн Мекен, Калмурат сүйгөн — Улуу Кыргыз, Калмурат аңдаган — Аалам!
Сөздүн кыскасы, караанын ыйык тутуп, махабатка таазим эткен Калмураттан:
— Сүйүүгө таазим эткиле! — деген насаат калды сыяктанат…

* * *
Махабат…
Бул кыз биз менен чогуу окучу. Какенин ашыгын айтам. Ак жуумалынан келген көлдүк кыз илбериңки эле. Жөнөкөй эле. Токтоо эле. Ак пейили менен бизди өзүнө тартып турчу. 1992-жылы 18-августта айыл-чарба жумуштарына барганбыз.
Университеттин босогосун аттаар алдында касиеттүү Чүйдүн жайкалган жашыл талаасында, биз иштеген совхоздун алма багында бир жарым ай бир бригадага туш келген Калмурат Махабатты кезиктирип, көкүрөктү сагыныч болуп эзген, санаа болуп үйүлгөн, асманга алып учкан ыйык дүйнөгө кабылып, анан анысы жүрүп олтуруп обончу деген атка кондурган.

* * *
Андан кийин жатаканада бир бөлмөдө чогуу турдук. Биздин бөлмө биринчи кабаттагы 111чи бөлмө болсо, Махабат өзү менен чогуу окуган кыздар менен бирге алты кадам аттасаң туш келчү — жаңылбасам, 105чи бөлмө беле, айтор, ошондо турчу. Кээде маектешип олтуралы деп Махабат жашаган бөлмөгө башбакчубуз. Бир күнү Махабат жашаган бөлмөдө олтуруп, демейде калыбынан жазбаган Каке ашыкча калдаңдаганынан буга эмне болуп атат деп таңыркап койгом. Бир топко олтуруп, анан өз бөлмөбүзгө киргенде Каке:
— Мен, Махабатты сүйөм! — десе, чоочуганымдан секирип кетипмин.
— Эй, жинди! Кандайча? Сен Махабатты сүйөсүңбү, ыя? — дедим.
Анан үн катпай комузун кармалап ойго баткан Какени карап:
— Мындай олтурчу, Каке! Кайра кайталасаң! — дедим…
— Мен, Махабатты сүйөм! — деди ишенимдүү.
Экинчи жолу ушул сөздү бүткүл турган турпаты менен кыйналып-кысталып атып оор энтигип айтты окшойт, анан барып ишенген жаным:
— Каке, акыл-эсиң ордундабы? — дедим.
— Ооба, ордунда!
— Сен билесиңби, аны дагы бир досубуз сүйүп куурап атат го!? — дедим таңыркап:
— Аа, билем! — дейт кебелбей.
Огобетер таңыркадым…
— Ыя? — дедим, көзүн теше тиктеп.
— Ооба, билем… Досубуз да сүйөт, мен да сүйөм!
— Жинди болгонсуңар го!? Коё тур, коё тур! Токто, акыл калча! Акыл-эсиң ордундабы? — десем:
— Ээ, Даке, эч камтама болбо! Экөөбүз тең билебиз, бир Махабатты сүйөөрүбүздү. Экөөбүз тең кол алышканбыз. Эгер Махабаттын кимге көңүлү болсо, ал ошонуку.
— Аа, окшошкондор! — дегенден башка сөз айтпадым.
— Анан, анын кимге карата көңүлү бар?
— Мага! — деди, Каке комузун ары жылдырып туруп, жаздыкты бекем кучактай…

* * *
Ошол күндөрдөн баштап кандай гана эргиди дейсиң, Каке… тим эле асмандан мөндүр жаагандай биринчи обонунун артынан экинчисин, үчүнчүсүн, төртүнчүсүн чыгарды. Аны алгач жатакана дубалдары таңдан кечке тыңдады. Машакатка түшүп комуз кучактаган Каке сабакка да барбай бөлмөдө жалгыз калып, абаны жара муңканып кайрык кубалады. Кайрык — алгач Какеге оңой келсе, андан кийин издесе да таптырбай бушайманга салып убара кылып, кудум жашынмак ойногон сыңары жетем деп кубаласа качып, жетпейм деп чарчап артка басса кайра Какени кубалап, түн уйкусун да бузду. Кайрык чыгарам деген Каке ошентип сабакка бирде каттаса, бирде каттабай, 2-курсту аяктаарда окуудан чыгып калды. А, ал ортодо ЖАЗМЫШ ага мушташтан да тайманбаган өткүр Какенин кайратын бошотуп:
— Ашыгына жетпей арманга баткан адамдардын сырын да ырда, ыйын да ырда! Антпесе, ак сүйүүнүн баркы болмок беле? Махабатыңды издеп өт! — дегенсип, карайлатып туруп, Махабатын колдон жулдуртуп жиберди.
Кийинки окуу жылы Каке:
— Махабат турмуш куруптур. Ала качып кетиптир! — деген кептерди угуп:
— Каңырыш уккан жокмунбу? — деди, каңырыгы түтөй…
Анан көрүп ал, азабын да, арманын да, ызасын да, ыйын да жалаң кайрыкка чыгарды Калмурат. Биринин артынан бири келген керемет кайрыктарды көңүлгө түйүп сактап, жатакана ичинде, студенттер арасындагы отуруштарда зарлап ырдады, Ыйын да ичине катты, сырын да ичине катты.

* * *
Махабатты мен да издедим көп жылдар бою. Бирде телефон номуру туура эмес болгон болот. Бирде туура болсо, албай коёт. Акыры мындан үч жыл илгери 2017-жылдын көктөм айында алды телефонду Махабат…
— Махабат!
— Ким бул?
— Мен!
— Ким экен? — деди, телефондун аркы учундагы илбериңки үн. Кудайга тобо, дале ошол илбериңкилигинен, адамгерчилигинен жазбайт Махабат.
Ошол эле калыпта. Ошол… ошол эле калыбы үчүн Какем сени сүйгөн тура дедим ичимден.
— Мен, Данияр!
— Кайсыл Данияр?
Тааныбай жатат… Таң калбайм. Канчалаган жылдар акпадыбы… Минтип чачыбыз ак чала баштады.
— Кандай десем, Махабат! Мен, курсташың! — дегенде күтпөгөн окшойт, кубанычтан өрөпкүй түшүп, ал-абал сурап жаны калбады.
— Жолугалы, Махабат! Сени көрбөгөнүмө канча жыл болду? — дедим.
— Жолугалы! — деди…

* * *
Жолуктук…
Кафеде бет маңдай олтурдук. Какемдин арзуусу, чыгармачылыгынын Музасы деп, биресе курсташым деп кубанып мен олтурдум.
Өткөн-кеткенди эске салдык… Сөзүбүз түгөнгүдөй эмес. Белекке деп жаңы чыккан китебимди бердим… Анан ал сумкасынан кымбат баалуу авторучка алып чыгып:
— Муну менен элге сонун чыгармаларды жаз. Аа, азыр компьютер да… Анда китептериң чыгып, элге автограф жаз! — деди күлүмсүрөп…

* * *
Махабат!
Махабат баяны ушундай, окурман…

* * *
Какемдин жанга жагым дагы бир чыгармасы бар, «Махабатым» деген. Сөзүн Сонунбубу Жусубалиева эжебиз жазган. Махабат деп атып обон чыгарган Каке Сонүбүбү эженин ырларын окуп олтуруп, көктөн издегени жерден табылып, тексттин шайкеш келгенине аябай толкуп сүйүнсө керек. А угармандары биз, бул ырды андан да өтүп сүйүп угуп келебиз.
«Махабатым» — Askat Musabekovдун да чыгармачылыктагы тушоосун кесип, калың журтка таанымал кылды. Какенин ырын, Какенин сырын элге жеткирген Аскат иним, бар бол!

* * *
Махабатты аздектейли, махабатка таазим десек, «Махабатымды» угалы, ардактуу агайын-журт!

Баяндаган Данияр Исанов

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button