Коом

Оштогу мектептерге 52 жаңы ноутбук белекке берилди

Ош облусунун 9 жана Ош шаарынын 3 мектебине 52 жаңы ноутбук белекке берилди. Бул тууралуу Ош билим берүү институтунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык кечээ, NAMA фонду, «Ала-Тоо» билим берүү борбору жана «NICE Kyrgyzstan» «Ассанабил» эл аралык коомунун колдоосу менен мектептерге жаңы ноутбуктарды беришти.

Демөөрчүлөрдүн айтымында, жаңы ноутбуктар окуу процессин жеңилдетүү, ошондой эле мугалимдер менен окуучулардын ортосундагы өз ара мамилени жакшыртуу максатында берилди. Өз кезегинде облустук жана шаардык мектептердин директорлору демөөрчүлөргө көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдиришти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button