Саясат

С.Жээнбеков:»Кайрадан карантин киргизип кырдаалды күч менен көзөмөлдөө азырынча зарыл эмес»

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү ант бергенден кийин сөз сүйлөдү. Мамлекет башчы эпидемиологиялык кырдаалга кайрылды. Анда өлкө башчы дагы да болсо чектөөлөр аркылуу абалды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтты.

«Кайрадан карантин киргизип кырдаалды күч менен көзөмөлдөө азырынча зарыл эмес», — деп билдирди ал сөз сүйлөп жатып.

Ошол эле мезгилде президент өзгөчө кырдаал режими, карантиндик чектөөлөр алынгандан кийин тескерисинче оору күчөп кеткенин ага жоопкерчиликтүү мамиле жасалбай жатканы менен байланыштуу экенин айтты.

“Чектөөлөр алынгандан кийин оору күч алып, медицина кызматкерлеринин буга чейинки кылган ишин жокко чыгара турган деңгээлге чейин жеттик. Буга айрым саясатчылардын “оору жок, бул бийликтин саясаты” деген жалган сөзүнө ишенип алган кээ бир мекендештерибиздин ооруга жоопкерчиликсиз мамиле кылуусу негизги себеп. Базарларда, соода борборлорунда жана башка коомдук жайларда адамдар санитардык талапты сактабай жүрүүсү күчөдү”, — деди ал.

Президент ошондой эле өлкөдө аш-тойго уруксат берилбесе да, көп киши чакырып аш-той өткөргөндөр болуп жатканы белгилеп, муну жалпы кыргыз элине кылынып жаткан кыянаттык катары баалды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button