Коом

Мэр Азиз Суракматов COVID-19дан айыгып, ишке чыкты

Бишкек мэри Азиз Суракматов COVID-19дан айыгып, ишке чыкты. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Мэриядан шаар башчынын оорусунун түрү жеңил болгондуктан, үйүнөн дарыланып, айыккандыгын айтышты.

Республикалык штабдын маалыматына караганда, бүгүн Суракматов брифинг өткөрөт.



Шаар башчысынын да коронавируска кабылганы боюнча 20-июлда белгилүү болгон. Ал күнү мэриянын үч кызматкери, башкы бухгалтер, уюштуруу бөлүмүнүн жетекчисинен да COVID-19 чыккан.

Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 5 735ке жетип, анын 2 443ү айыкты. Тилекке каршы, 62 адам каза тапты.


Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button