Саясат

Премьер-министр К. Боронов коронавирус илдетинен каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Өкмөттүн атынан Премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус  илдетинен каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу ал бүгүнкү  брифингде билдирди.

Өкмөт башчы эпидемиологиялык кырдаал начарлап кеткенин белгиледи.


«Вирус биздин жаныбызда. Жакындарыбыздан айрылып жатабыз. Маркумдун туугандарына жана жакындарына өзүмдүн атымдан жана өкмөттүн атынан көңүл айтам ”,
— деди ал. Кубатбек Боронов өкмөт күнү-түнү кол көтөрбөй иштеп жататканын белгиледи.

«Мен өкмөттүн башчысы катары гана эмес, офицер катары да эл алдындагы милдетимди билем. Күнү-түнү иштейбиз. Биз бардык чараларды көрүп жатабыз », — деди ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button