Коом

Таш-Көмүр милициясы коронавируска каршы түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Таш-Көмүр ШИИБи тарабынан шаар аймагында коронавирус илдетинин алдын алуу максатында иш-мерчемдер түзүлүп, тиешелүү органдар менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын алкагында базарлар, соода түйүндөрү, эс алуучу жайлар, банктар текшерүүгө алынып, сатуучуларга эл менен иштешүүдө этият болуу керектиги эскертилди.

Жугуштуу илдеттин жайылышын болтурбоо үчүн ар бир жаран санитардык нормаларды, жеке гигиенаны сактап, медициналык каражаттарды жанына алып жүрүү азыркы учурдун талабы экендиги жеткирилди. Коомдук транспорт жана такси айдоочуларына унаага адам салууда бет кабы жокторду чыгарбоо жана автоунааны дезинфекциядан өткөрүп туруу зарылдыгы айтылды.

Мындан сырткары үй карантинде жаткандарга белгиленген тартипти так сактоо керектиги эскертилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button