Коом

Баймурат Бекмуратов: “Лейлекке кирүүнү токтотто туруңуздар”

Баткен облусунун Лейлек районуна чектөө киргизилип, райадминистрация, жарандардан кирип-чыгууну токтото турууну өтүндү. Бул тууралуу, аким Баймурат Бекмуратов өздүк баракчасына билдирүү калтырды.

“Урматтуу Бишкекте жана Чүйдө жүргөн Лейлектиктер сиздерден сураныч айылга келгенди токтото турсаңыздар, себеби райондун аймагына бул коркунчтуу илдет Бишкектен, Чүйдөн келгендерден тарап жатат. Ошондуктан райондун жетекчилиги сиздеден суранат.Лейлекти аяңыздар. Ата-энелерди, туугандарды кооптуу абалга калтырбаңыздар. Лейлекке кирүүдө текшерип карантинге жаткырабыз. Обсервациянын шарты үйдөгүдө эмес, нааразычылктар жаралат”,-деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button