Коом

Мамдумага жынысын өзгөрткөндөр боюнча мыйзам долбоор киргизилди

РФ Мамлекеттик Думасына бир жыныстагы адамдардын гана эмес, буга чейин жынысын өзгөрткөн адамдардын никеге туруусуна, ошондой эле бир жыныстагы жубайлардын бала багып алуусуна тыюу салуучу мыйзам долбоору киргизилди. Бул тууралуу РИА «Новости» кызматы маалымдаган.

Белгилей кетсек, Россиянын баш мыйзамындагы боштуктан улам буга чейин бир жыныстуу нике мыйзамдуу деп таанылган. Атап айтсак, эки россиялык эркек жаран үстүбүздөгү жылдын 4-январында Копенгагенде нике турушкандан кийин мекенине кайтып келишип, паспортторуна тиешелүү штамптары бастырып алышканга жетишкен. Мунун өзү коомчулукта бир катар нааразылыктарды жараткан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button