Коом

Forbes версиясы боюнча Илон Маск биринчи жолу 10 бай адамдын тобуна кирген

Америкалык ишкер Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск Forbes журналынын версиясы боюнча биринчи жолу дүйнө жүзүндөгү эң бай он адамдын тизмесинен орун алды.

Forbes Real-Time эсебинин маалыматы боюнча Масктын учурдагы байлыгы 68,5 млрд. долларды түзөт. 2020-жылдын 18-мартынан тартып 14-июлуна чейин ишкердин байлыгы 20 миллиард долларга көбөйгөн. Бул учурда Tesla компаниясынын акциялары 290%га кымбаттаган.

Ошентсе да, рейтинг лидерлеринин үчилтиги мурдагыдай эле өзгөрүүсүз калууда. Айталы, дүйнө жүзүндөгү эң бай адамдардын сап башында Amazon компаниясынын башчысы Жефф Безос (179,1 млрд долл), экинчи орунда Microsoft башчысы Билл Гейтс (113,4 млрд.долл.), үчүнчү орунда Louis Vuitton Moët Hennessy башчысы Бернар Арно турат (112,2 млрд. долл.).

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button