Коом

Беларуссия Кыргызстанга 5 тоннадан ашуун дары каражаттарынан турган жүк жиберет

Бишкек шаарына Беларусь Республикасынан атайын каттам аркылуу коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн керектүү дары каражаттарынан турган жүк келет. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жүктүн жалпы салмагы 5 тонна 400 килограммды түзөт. Дары-каражаттары Минск шаарынан премьер-министр Кубатбек Боронов Евразия экономикалык бирлигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн учуп барган учак менен жеткирилет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button