Пакистан Индияга каршы масштабдуу аскердик операция баштады


Пакистан Индияга каршы масштабдуу аскердик операция баштаганын Geo басылмасына шилтеме кылып РИА Новости жазды.

«Пакистан Индиянын чагымчылдыгына жооп иретинде масштабдуу согуштук операция баштады», — деп жазган ЖМК.
Пакистандын армиясы BrahMos ишканасынын катуу үн менен иштеген ракеталары сакталган кампасын жок кылганын, авиабазаларына жана башка аскердик объектилерге сокку урганын ырастаган.
Телеканалдын маалыматына караганда, Пакистан кибер чабуулу менен Индиянын электр тармагынын 70 пайызын иштен чыгарды. Ошондой эле Индия 15-майга чейин өлкөдөгү 32 аэропорттун ишин токтоткону белгилүү болду.
Индиянын Коргоо министрлиги 6-майда Пахалгамдагы терактыга жооп кылып «Синдур» операциясын баштаганын жарыя кылган. Чабуул негизинен Пакистандагы «террордук түзүмдөргө» жасалганын, тогуз жай бутага алынганын, алардын арасында аскердик объектилер жоктугун айтышкан.
Пакистан 7-майда 24 киши каза таап, дагы бир тобу жарадар болгонун жазса, ага удаа эле Индия тарап койгон чабуулдардан кийин 70ке чукул пакистандык көз жумганын басылмалар билдирген. Кечкурун индиялык дагы бир сайтка шилтеме кылган РИА Новости «Синдур» операциясынан кийин дагы 15 адам өлгөнүн кабарлаган.
2025-жылдын 22-апрелинде Индиянын Жамму жана Кашмир аймагындагы Пахалгам шаарына жакын жердеги террордук чабуулдан кийин эки мамлекеттин ортосундагы абал көзөмөлдөп өткөрүү постторунда чыңалган. Анда куралчан бир нече адам туристтерди аткылап, индиялык 25 жана Непалдын бир жараны каза болгон.