Коом

Бишкек шаарынын казысы болуп, Замир каары Ракиев дайындалды

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Замир каары Ракиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомшев кол койду. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Азирети Муфтий Бишкек шаардык казыятынын жалпы эмгек жамааты менен жолугуп, казыяттын ишмердүүлүгү жоопкерчиликтүү экендигин баса белгилеп, жаңы дайындалган Бишкек шаарынын мусулмандар казысынын ишине ийгилик каалады.

Замир каары Ракиев 1978-жылдын 15-февралында  Нарын облусунун Кочкор района караштуу Шамшы айылында төрөлгөн. 2017-жылдын май айынан тарта Азирети муфтийдин орун басары болуп эмгектенип келген эле.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button