Коом
Ошко Кыргызстандын 158 жараны учуп келди
Россиянын Москва шаарынан Ош шаарына Кыргызстандын 158 жараны учуп келди. 17-августтагы чартердик каттамды «Авиа Траффик Компания» авиакомпаниясы уюштурганын республикалык ыкчам штаб билдирди.
Тизме комиссия тарабынан жарандардын кайрылуусунун негизинде түзүлгөн. Кайтып келген жарандардын арасында студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар бар.