Коом
9 медицина мекемеси капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө
Күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүүнүн алкагында 9 медицина мекемеси капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ресупбликалык штабдан билдиришти.
Алар:
-Токмоктогу үй-бүлөлөк медициналык борбордо 216 орундуктан турган заманбап жугуштуу оорулар бөлүмү ачылат;
-Баткен облусундагы 90 орундуу үй-бүлөлөк медициналык борбордун имараты капиталдык оңдоодон өтүүдө (15 орундук реанимацияга арналат);
-Жалал-Абад облусундагы жугуштуу оорулар ооруканасындагы 2 имарат кайра профилдештирилет;
-Ысык-Көл облусунда 2 объект оңдолот;
-Ош облусунун Кара-Суу районундагы 1 объект пайдаланууга берилет;
-Талас облусунун Көк-Ой айылында райондук оорукананын имаратын реконструкциялоо жүрүп жатат.