Саясат
Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусуна эки күндүк жумушчу сапар менен барат
Премьер-министр Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусуна эки күндүк жумушчу сапар менен барат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчы 21-22-август күндөрү социалдык объектилердин абалы, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоочу жайларын куруу иштери, «Таза суу» долбоорунун жүзөгө ашырылышы жана күзгү оруп-жыюу жумуштарынын жүрүшү менен таанышат.
Мындан сырткары, Боронов Каракол шаарындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу жана Чолпон-Атадагы Ысык-Көл райондук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнүн имаратынын оңдоо иштерин жеринен көрүп кайтат.