Коом

Мектептер ачылаары менен коронавирус күч алган

Германияда мектептер вирустун таркалышынын очогуна айланууда. Көптөгөн окуучулар эки жума мурда мектепке бара баштаган, ошондон тарта, маалым болгондой, Берлиндеги 825 мектептин ичинен 41 мектепте ооруну жуктуруп алуу учурлары катталган. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Мында бардык жаштагы балдар – башталгыч мектептен бүтүрүүчү класстарга чейин, ооруган. Жүздөгөн окуучу менен мугалимдер карантинге жөнөтүлдү.

Мектептердин ачылышына байланышкан ооруну жуктуруунун жаңы очоктору тууралуу АКШнын бир катар штаттарынын бийликтери жана Израилдин билим берүү министрлиги кабарлаган.

Францияда мектептер бир жумадан кийин ачылат, ал эми 11 жаштан улуу балдар билим берүү мекемесинде милдеттүү түрдө беткап тагынууга тийиш.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button