Коом

Жалал-Абад шаарындагы той өткөрүп жаткан кафе-ресторандарга айып пул салынды

Кечээ жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн жана шаардык санитардык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлеринин катышуусунда той-мааракелер өтүүчү кафе-ресторандарга түнкү рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда айрым жайлар 50дөн көп адам чогултуп, той өткөрүп жатканы маалым болду. Ага ылайык эки эс алуу жайына айып пул салынып, мыйзам талаптарын жана санитардык эрежелерди сактоо боюнча эскертмелер берилди.

Мындан кийин да талаптарга баш ийбеген ишкерлер тийиштүү жоопкерчиликке тартылаары айтылды. Той өткөн эс алуу жайына 3 миң сом айып салынат. Андан тышкары тойдо кызмат көрсөткөн ар бир кызматкерге (официант, ашпозчу сыяктуу) да 3 миң сомдон айып пул салынуусу мүмкүн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button