Коом
Кыргызстандын аймагында дагы 144 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып чыкты
Акыркы сутканын ичинде Кыргызстандын аймагында дагы 144 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрдагы брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы айыккандар:
— Бишкек шаарында 54 адам;
— Ош шаарында 1 адам;
— Чүй облусунда 11 адам;
— Ош облусунда 6;
— Талас облусунда 2;
— Нарын облусунда 3;
— Ысык-Көл облусунда 10;
— Жалал-Абад облусунда 33;
— Баткен облусунда 24 адам.
Бүгүнкүгө чейин Кыргызстанда 40 миң 631 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты.
Өлкөдө жалпысынан 44 миң 761 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталды.