Коом

Оштун Юго-Восток кичи районунда 120 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Бүгүн, 24-сентябрда Ош шаарынын “Курманжан Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгында 120 орундуу “Балажан” атындагы заманбап бала бакча пайдаланууга берилди.

Ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, билим берүүнүн ардагерлери, шаар тургундары катышты.Шаар жетекчиси Т.Сарыбашов жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардын ар бир кичи районуна бала бакча курулаарын билдирди.

“Биздин негизги максат келечек муундарга шарт түзүп, көңүл буруу. Кечээ Амир-Темирде 100 орундуу бала бакча ачылды. Бүгүн Юго-Восток кичи районуна 120 орундуу бала бакчаны пайдаланууга берип жатабыз. Бүгүнкү күндө Ак-Тилек жана Южный кичи райондорунда жана Арек айылында бала бакча курулууда. Мектеп, бала бакча куруу иштери токтобойт”,-деди мэр.

Аталган бала бакча жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, “ СК Лидер” ЖЧКсы тарабынан курулуп бүткөрүлдү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button