Бул тууралуу Казинформ маалымат агенттиги кабарлады.
Маалыматка караганда, буга чейин алар өздөрүн чыныгы жүк ташуучу унаанын айдоочусу катары көрсөтүп, Amazon үчүн багытталган өндүрүүчүлөрдүн кампаларынан товарларды ташып келишкен.
АКШнын Юстиция департаменти белгилегендей, аталган кылмыштуу топ AK Transportation, NBA Holdings, Belman Transport жана Markos Transportation компаниялары менен иштешип келишкен.
Юстиция департаментинин кызматкерлери айыпталуучуларды башка бир катар кылмыштарга, анын ичинде адам өлтүрүүгө аракет кылуу, адам уурдоо, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо боюнча айыптоодо.
Он үч айыпталуучу АКШнын Лос-Анжелестеги округдук сотуна жана бирөө Форт-Лодердейлдге келери күтүлүүдө.